АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XI сессиясы
2023-жылдын 21-июлу № 69
Ак-Жар айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтү 2023-жылга бекитилген айыл чарба бөлүмүнүн 2215 беренесине каралган акча каражатынан 420,4 миң сомду
- билим берүү бөлүмүнүн 3112 беренесине 230,4 миң сом
- турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 190,0 миң сом пайдалануусуна жылдырылсын
2. Токтомдун аткарылышы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Турдали у. К. |