Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XI сессиясы
2023-жылдын 21-июлу № 69 а
Ак-Жар айылды кенеши КР бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтү 2023-жылдын жети айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн киреше салыгына 300,0 сомго, атайын каражатына (ата-энелердин төлөмү) 288,0 миң сомго кошумча план жеткирилсин.
2. Кошумча план жеткирилген акча каражаты Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бала бакча бөлүмүнүн 2218 беренесине 138,0 миң сом, 2224 беренесине 60,0 миң сом жана 2222 беренесине 102,0 миң сом, 2218 беренесине атайын каражатка ( ата- энелердин төлөмү) 288,0 сомго кошумча план алууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Турдали у. К. |