КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 54
Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары2007-жылдын 26-апрели Кыргыз Республикасынын Ысыккөл, Талас, Чүй областарынын Казакстан Республикасы менен чектеш райондорунун жана Казакстан Республикасынын Алматы, Жамбыл областарынын Кыргыз Республикасы менен чектеш райондорунун аймактарынын алкагында Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн берилген туристтик визаларды өз ара таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Казакстан Республикасынын Өкмөтү, достук бир тууган коњшулаштык мамилелерди өнүктүрүү, өлкөнүн айма-гына кирүү туризмин өркүндөтүүгө жана Тараптардын мамлекеттеринин кооп-суздугун камсыз кылууга көмөктөшүү ниеттерин жетекчиликке алышып, Кыргыз Республикасынын Ысыккөл, Талас, Чүй областарынын КазакстанРеспубликасы менен чектеш райондорунун жана Казакстан РеспубликасынынАлматы, Жамбыл областарынын Кыргыз Республикасы менен чектеш райондору-нун аймактарынын алкагында үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын кирүүсү, жы-лып жүрүүсү жана чыгуусу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү зарыл экенди-гин баса белгилешип, бул максаттарга жетүүнүн натыйжалуу каражаттарынын бири болуп ту-ризм маселелери боюнча кызматташуу жана оперативдүү өз ара аракеттенүүэсептелээрин таанышып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл, Талас, Чүй областарынын КазакстанРеспубликасы менен чектеш райондорунун жана Казакстан РеспубликасынынАлматы, Жамбыл областарынын Кыргыз Республикасы менен чектеш райондору-нун аймактарынын алкагында ар бир Тарап экинчи Тараптын мамлекетининкомпетенттүү органдары тарабынан дипломатиялык каналдар боюнча аныктал-ган жана макулдашылган үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына берилген туристтиквизаларды тааныйт. 2-статья. Тараптардын биринин мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайыкүчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына анын мамлекетинин аймагына кирүү, аймактаболуу жана чыгуу үчүн берилген туристтик визалар алардын ээлерине виза-нын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде чет элдик жарандардын кирүүсү үчүн жабыкболгон аймактарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Ысыккөл, Та-лас, Чүй областарынын Казакстан Республикасы менен чектеш райондорунунжана Казакстан Республикасынын Алматы, Жамбыл областарынын Кыргыз Рес-публикасы менен чектеш райондорунун аймактарына көп тараптуу өткөрүүпункттары аркылуу тоскоолдуксуз кирүүгө жана чыгууга укук берет. 3-статья. Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын туристтиквизаларына ээ болгон үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Тараптардын мамле-кеттеринин аймактарына кирүү жана каттоодон өтүү тартиби визанын ээлериаймагына кирген мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 4-статья. Тараптар үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын алардын мамлекеттерининаймактарында болуусуна, анын ичинде туристтик визаларды ачуу тартибине,консулдук жыйымдардын тарифтерине, ошондой эле паспорттук-визалык доку-менттердин үлгүлөрүнө байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды алма-шат. 5-статья. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар протоколдор менен таризделетжана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 6-статья. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жолжоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгүбилдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири ушулМакулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети бар экендиги жөнүндө экинчиТараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып алты айөткөнгө чейин өз күчүндө кала берет. Бишкек шаарында 2007-жылдын 26-апрелинде эки нускада, ар бири кыр-гыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо,Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн