Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XV сессиясы
2023-жылдын 15-марты № 15-2
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 14-мартындагы №01-19/238 сандуу сунуш катын бекитүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл аймагындагы элдер арасында укук бузуучулар менен иш алып баруучу туруктуу комиссиянын курамын бекитүү үчүн айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун угуп, талкуулап, айыл амагынан тандалган комиссия курамын түзүп, жергиликтүү кеңеш депутаттарынын сунуштары менен берилген депутаттар Абдусаматова Одинахон Окболаевна жана Аблалимов Алишер Аблалимовичдерди комиссия курамына кошуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесин 1-пунктунун негизинде Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймак жашоочуларынын арасында укук бузуулардын алдын алуу жана маалыматтын ачыктыгын жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн қомиссия курамына макулдук берилсин жана бекитилсин.
2. Түзүлөн комиссия Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарына таянып иш жүргүзүү жана керектүү көзөмөл жасоо тапшырмасы берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төраганын м.а: | А.Ашиева. |