Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XV сессиясы
2023-жылдын 15-марты № 15-6
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тамак-ашына каралуучу сумманын кароо жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын ыссык чайына жергиликтүү бюджеттен берилүүчү 10 сом акча азык-түлүктөр кымбаттап кеткендигине байланыштуу жетишсиз болуп жаткандыгы себептүү 18 сомго жогорулатуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Шүкүрүлло Гаффаровдун берген сунушун, А.Мирмахудов айылдык кеңешинин тиешелүү комитетинде карап чыгылып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына таянып А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 7-чакырылыш депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы мектепке чейинки бала бакчаларынын тарбиялануучуларына берилүүчү ыссык чайдын баасын көтөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын берген сунушу жактырылсын.
2. Бала бакча тарбиялануучуларына берилүүчү ыссык чайдын баасы инфляциянын өскөндүгүн эске алып 10 сомдон 18 сомго көтөрүлсүн.
3. Токтомду мыйзамдуу аткарууга алуу айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Гаффаровго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин тиешелүү комитетине тапшырылсын.
Төраганын м.а: | А.Ашиева. |