А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 16-1 «А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 16-1
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесинин талаптарына ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, А.Мирмахмудов айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, А.Мирмахмудов айылдык кенеши Кыргыз Республикас ынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Тиркемедеги А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана А.Мирмахмудов айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, архитектура, курулуш, транспорт жана саламатыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Абдувахидовго милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын м.а: | А.Ашиева. |