А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 16-2 «А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан калган бюджеттик калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 16-2
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан калган бюджеттик калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүн максат кылып, жергиликтүү бюджетинин тартыштыгынан каралган акча каражатты үнөмдүү пайдалануу, Мирмахмудов айыл аймагындагы социалдык мекемелерге көңүл буруу менен 2022-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү, кечиктирилгис иштерди аткаруу зарылчыгы, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. 2022-жылга карата үнөмдөлүп калган бюджеттик калдыгынан А.Мирмахмудов айыл аймагындагы билим берүү мекемелерине колдоо көрсөтүү максатында аларды оңдоп-түзөө, кошумча бөлмө куруу, электрондук китепкана уюштуруу жана алыскы айылдардан каттап окуган окуучуларды мектепке ташуу үчүн транспортко каражат ажыратуу максатында, 2022-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган калдык акча каражатынан 1 915 600 сом акча каражаты ажыратылсын; (тиркеме тиркелет).
2. Ал эми айыл аймакта эпизотиялык абалды туруктуу сактоо үчүн 150 000 сом акча каражаты которулсун.
3. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматов жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.
4. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а: | А.Ашиева |
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги он алтынчы сессиясынын 2023-жылдын 13- апрелиндеги №16-2 токтомуна тиркеме |
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан калган бюджеттик
калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
№ | Чыгашанын аталышы | Бөлүмү | статьясы | Суммасы (Миң.сом) |
1 | Алыскы аймактан каттап окуган мектеп окуучуларын ташып келүү | 70921 | 2215 | 745,6 |
2 | Ал-Хоразмий атындагымектеп гимназиянын ашканасын ремонттоо | 70921 | 2221 | 160,0 |
3 | Айыл аймактагы мектептердин электрондук библиотека уюштуруусуна, оңдоп түзөөсүнө | 70921 | 2221 | 310,0 |
4 | Н.Пазылов атындагы толук эмес орто мектебине кошумча эки бөлмөлүү канаа кошууга | 70921 | 2221 | 450,0 |
5 | Ташкоргон мектеп гимназиясынын жылытуу системасын оңдоого | 70921 | 2221 | 100,0 |
6 | Айыл аймактагы жолбон иттерди атып жок кылууга | 70491 | 2215 | 150,0 |
| Бюджеттин бардык чыгашасы |
0 |
0 | 1915,6 |
Жооптуу катчы: | Д.Ажибеков |