ТоктомСтатус не указан

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 16-7 «А.Мирмахудов атындагы айыл аймагындагы Арал айылына Сейил бак куруу үчүн жалпы 6,0га жайыт жер аянтын»Айыл чарба багытындагы жерлер«категориясынан»Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер«категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 13-апрели № 16-7

А.Мирмахудов атындагы айыл аймагындагы Арал айылына Сейил бак куруу үчүн жалпы 6,0га жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

  А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагын көрктөндүрүү менен экономикасын өнүктүрүүнүн мындан ары өркүндөтүү жана жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү ошондой эле туризм тармагына көңүл буруп, өнүктүрүү максатында Арал айылына келечекте Сейил бак куруу демилгеси жаралып, аталган объект үчүн Арал айылынын четинде жайгашкан жайыт жерлердин тизмесине кирген №1550 контурунан жалпы 6,0га жайыт жер аянты тандалган. Ошол жердеги дарыянын жээгин селге каршы, сактоочу торчолорду орнотуп, жер кыртышын сактап, түрдүү дарак көчөттөрүн отургузуу менен экологиялык абалын жакшырат. Аталган жумуш эки бөлүмгө бөлүнүнүп, алгач 3,0га аянты көрктөндүрүлүп, экинчи бөлүмүндө калган аянтты көрктөндүрүү болжолдонууда.

 

Жогорудагы маселе боюнча 2023-жылдын 13-апрелиндеги айылдык кеңешинин депутаттарынын отурумунда КРнын Президенти тарабынан 2022-жылдын 6-сентябрында кабыл алынган №305 Жарлыктын аткарылышы боюнча айылдык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучусу А.Ашиева айылдык кеңешке сунуштады. Айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиялары маселени карап, кеңири талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 1-пункт, 9-10-бөлүмчөлөрүнүн, 34-беренесинин талаптарына ылайык А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 16- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 1-пункт, 9-10-бөлүмчөлөрүнүн, 34-беренеси аткарууга жана жетекчиликке алынсын;

2. А.Мирмахудов атындагы айыл аймагындагы Арал айылына сейил бак куруу үчүн Арал айылынын четинде жайгашкан, жайыт жерлердин тизмесине кирген, максаттуулугу боюнча пайдаланууга ыңгайсыз болгон, №1550 контурунан 6,0 га жайыт жер аянтын келечекте эс алуучу сейил багын уюштурууга макулдук берилсин;

3. Ушул токтомдун №2 пунктунда белгиленген жер аянтын суралган категориясы боюнча трансформациялап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын;

4. Аталган Сейил багын көрктөндүрүү иштерин жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүү уюштурулсун.

5.  Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын;

6. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу, тиешелүү мамлекеттик мекемелерден уруксаат корутундуларын, иш кагаздарындаярдоо, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго жана айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Араповдорго милдеттендирилсин;

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

 

Төраганын м.а:

А.Ашиева