А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 16-8 «А.Мирмахмудов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-2027-жылдарга карата өнүгүү планын жана 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 16-8
А.Мирмахмудов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-2027-жылдарга карата өнүгүү планын жана 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы жайыт комитететинин 2023-2027-жылдарга карата өнүгүү планы жана 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгылып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңешинин 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы ЖПБнин Климаттык өзгөрүүлөр шартына жараша жайыттарды пайдалануу боюнча 5 жылдык 2023-2027-жылдарга карата өнүгүү планы бекитилсин.
2. 2023-жылга карата А.Мирмахмудов атындагы жайыт комитетинин бюджетинин кирешелери 537 миң жана чыгашалары 550 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2023-жылга жайыт комитетинин бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча №1 тиркемесине макулдук берилсин.
4. А.Мирмахмудов атындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылган жайыт акыларын өз убагында жыйноо жана мамлекеттик салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу жагы ЖПБнин төрагасы Турдукулов Чолпонбай Абдуллажановичке тапшырылсын.
5. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а: | А.Ашиева |
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги он алтынчы сессиясынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 16-8 токтомуна тиркеме |
А.Мирмахмудов айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2023-жыл үчүн бюджети жөнүндө
№ |
Кирешенин түрлөрү | Өлчөө бирдиги | Канча айга алынат |
Пайдалануу сезону | Бардык киреше сом | ||
Баш саны | сом | ||||||
1 | Алты айдан жогорку бодо малдар | 700 | 30 | 4 ай | Жаз куз | 84 000 | |
2 | Алты айдан жогорку жылкылар | 100 | 40 | 7 ай | Жаз-куз-кыш | 28 000 | |
3 | Алты айдан жогорку эне эчкилер,чебичтер | 300 | 25 | 7 ай | Жаз-жай-куз | 63 000 | |
4 | Алты айдан жогорку эне койлор, токтулар | 2000 | 20 | 4 ай | Жаз-куз | 160 000 | |
4 |
Жайытка чыкчуу чарба малдардын жалпы саны |
3100 | Х | Х | Жаз-жай-куз-кыш | 335 000 | |
| Жайыт аянты га | 3589 | Х | Х | Х |
| |
| КРОнун и2013 ж 13.09. жайытта башка максатта пайд.№ 515 токтому менен |
га |
сом |
Канча айга |
Пайдалануу сезону |
Бардык киреше сом | |
1 | Кара-кой, Буудайлык, Капка (айдоо) | 6 га | 10 000 | 4 ай | Жай | 60 000 | |
2 | Кырк-кол (чоп орок) | 26 га | 2000 | 1 ай | жай | 52 000 | |
3 | Негизги участок |
|
|
|
|
| |
4 | Оздоштурулгон жер | 6 га | 3000 | 12 ай | 1 сезон | 18 000 | |
5 | Чоп орунду жер | 28 га | 1500 | 1 ай | Жай | 42 000 | |
6 | Уюлдук байланыш |
|
|
|
|
| |
7 | Антенналар орду |
|
|
|
|
| |
8 | Ижара акысы | 3 даана | 6000 | 12 ай | Жыл ичинде | 72 000 | |
9 | Кыйыр пайдалануучу | 66 | Х | Х | Х | 202 000 | |
10 | Нак топтолуучу акча |
|
|
|
| 537 000 | |
2023 – жылга божомол Б-Т | 537 000 | ||||||
№ |
ЖПБсинин чыгаша турлору |
Айлардын саны | Которулучу акча сом менен | Бардык чыгаша сом |
| ЖКнинин бардык бюджети А/өкмөтүнүн аккумуляцион счетуна түшөт |
| 537 000 | 537 000
|
| Кириш болот акчадан Айыл окмотунда калат 33% |
| 177 210 | 177 210
|
| Жайыт комитетинин счетуна кайрадан которулат 67 % |
| 359 790 | 359 790
|
1 | Жайыт жер салыгына |
|
|
|
2 | Сатуудан тушкон 3 % |
|
| 1611
|
3 | Эмгек акы торага | 10 | 8000 | 80 000
|
4 | Эмгек акы эсепчи | 10 | 8000 | 80 000
|
5 | Эмгек акы салык инспекторлору | 10 | 8000 | 80 000
|
6 | Соц.казынага 17.25 | 10 | 41 400 | 41 400 |
7 | По доход налогу 10% | 10 | 24 000 | 24 000 |
8 | Транспорт чыгымдары | 12 | 25 000 | 25 000 |
9 | Ички ЖКнин чыгымдары | 12 | 13000 | 13 000
|
10 | Инфратузумдарга | 4 |
| 15 188
|
11 | Накталай акчадан жалпы чыгым | Х | Х | 259 250
|
12 | Инфратузумга кол эмгке салымы менен |
|
| 13 000
|
13 | Бюджеттин бардык чыгашасы |
|
| 550 000
|
Жооптуу катчы: | Д.Ажибеков |