ТоктомСтатус не указан

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 16-9 «А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Капчыгай айылы жаштарынын өнүгүү планын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 13-апрели № 16-9

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Капчыгай айылы жаштарынын өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Капчыгай айылынын айыл башчысынын берген сунушун, Капчыгай айылы жаштарынын өнүгүү планын долбоорун талкуулаган, А.Мирмахмудов айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, А.Мирмахмудов айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине таянып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. А.Мирмахмудов айылдык кеңешине, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылынын айыл башчысы тарабынан берилген Капчыгай айылы жаштарынын өнүгүү планын долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.

2. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-апрелиндеги №16-9 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын

 

Төраганын м.а:

А.Ашиева.