А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 9-июну № 17-2
«Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин бекитүү жөнүндөгү» А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 1-июнундагы № 581 сандуу сунуш катын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 27 жана 34- беренелерине ылайык, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын жергилктүү маанидеги маселени чечүү боюнча 2023-жылдын 1-июнундагы №582 сандуу сунуш катында көрсөтүлгөн программасын уккандан кийин А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги 17-сессиясы
Токтом кылат
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 1-июнундагы №582 сандуу катында көрсөтүлгөн «Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин бекитүү жөнүндөгү» сунуш каты жактырылсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жергилктүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибинин Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бекитилген функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттерди уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча ушул токтомдун аткарылышын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Нурматов Майрамбек Абдыкаровичке көзөмөлдөө милдети жүктөтүлсүн.
4. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы №17-2 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а: | А.Ашиева |