Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVII сессиясы

2023-жылдын 9-июну № 17-4

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Киргизалиева Кумрихон Мамитовнанын менчиги болгон 700,0ч.м жер 25,0ч.м участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө

     А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан, идентификациялык коду; 5-05-14-1001-1400 болгон, 2009-жылдын 20–февралындагы № 2009/1403сан менен катталган Ч№ 190734 сандуу Мамлекеттик Акты берилген жер участкасынын ээси Киргизалиева Кумрихон Мамитовнанын арыз менен кайрылып, менчигиндеги 700,0ч.м жер участкасынын 25,0ч.м жерин А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин сессиясында карап, максаттык багытын тигүү цехин куруу үчүн өзгөртүп берүүнү суранган. Бардык ыйгарым укуктуу органдардан корутундулар алынгандыгын көрсөтүп, азыркы күндө айылдык кеңештин токтомун күтүп жаткандыгын билдирип кайрылган.

 Жогорудагы арыздын талаптарын мыйзамдуу түрдө карап чечип берүү үчүн айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комитетинин кароосуна киргизген.

     А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши атуул Киргизалиева Кумрихон Мамитовнанын арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу жөнүндөгү» №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 14-бөлүмү, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 1гл. 1,2-пункуттарынын жана 6-беренесинин талаптарына таянып, Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын 2023-жылдын 14-июнундагы №131 сандуу корутундусунун талаптарын жетекчиликке алып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1.  А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши атуул Киргизалиева Кумрихон Мамитовнанын 2023-жылдын 2-июнундагы арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу жөнүндөгү» №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 14-бөлүмү, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 1гл. 1,2-пункуттарынын жана 6-беренесинин талаптарына таянып, Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын 2023-жылдын 14-июнундагы №131сандуу корутундусунун талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

 

2. Чапаев айылында жайгашкан, идентификациялык коду; 5-05-14-1001-1400 болгон, 2009-жылдын 20-февралындагы №1403 сан менен катталган, сериясы Ч №190734 болгон Мамлекеттик Актынын негизинде Киргизалиева Кумрихон Мамитовнанын менчигиндеги жалпы 700,0ч.м турак жайынын 25,0ч.м жер аянтынын пайдалануу багыты тигүү цехин куруу үчүн өзгөртүлсүн.

 

3.  Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

4.  Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана айыл өкмөтүнүн турак жай жана жерге жайга жайгаштыруу боюнча адисине тапшырылсын.

 

5.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

 

Төраганын м.а:

А.Ашиева