А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 9-июну № 17-5
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан үнөмдөлгөн бюджеттик калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүн максат кылып, жергиликтүү бюджетинин тартыштыгынан каралган акча каражатты үнөмдүү пайдалануу, Мирмахмудов айыл аймагында туризмди өнүктүрүү максатында Арал айылына курулушу көздөлүп жаткан «Сейил багын» уюштуруу үчүн 2022-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү, кечиктирилгис иштерди аткаруу зарылчыгы, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. 2022-жылга карата үнөмдөлүп калган бюджеттик калдыгынан А.Мирмахмудов айыл аймагында туризмди өнүктүрүү максатында Арал айылына курулушу көздөлүп жаткан «Сейил багын» уюштуруу үчүн 2022-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган калдык акча каражатынан 250,0 сом акча каражаты ажыратылсын;
2. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматов жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.
3. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а: | А.Ашиева |