Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 4-августу № 18-1
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы тарабынан 2023-жылдын 14-июлунда берилген №01-19/781 сандуу билдирүүсүнө макулдук берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 14-июлундагы №01-19/781 сандуу билдирүүсүндө, жергиликтүү калктын социалдык абалын жакшыртуу максатында Барын айылынын Таштак участкасына 150 орундуу бала бакчасынын имаратын куруу үчүн 0,40га жана Чапаев айылынын С.Азимов көчөсүнө мектеп имаратын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн кайра пайдалануучу фонд жерлеринен 1,0га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине сунуштаган. Аталган комитет мүчөлөрүнүн отурумунда каралып, кеңири талкууланып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин жана 29-беренесинин 6-бөлүмүнүн 4- бөлүмчөсүнө таянып А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет мүчөлөрүнүн 2023-жылдын 1-августундагы № 5 протоколу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин жана 29-беренесинин 6-бөлүмүнүн 4- бөлүмчөсүнүн талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча адисине тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо» боюнча туруктуу комитетине жүктөтүлсүн.
Төраганын м.а: | А.Ашиева. |