Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 4-августу № 18-2
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан калган бюджеттик калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүн максат кылып, жергиликтүү бюджетинин тартыштыгынан каралган акча каражатты үнөмдүү пайдалануу, Мирмахмудов айыл аймагынын жашоочуларын таза ичимдик суу менен камсыздоо жана социалдык мекемелерге көңүл буруу менен 2022-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү, кечиктирилгис иштерди аткаруу зарылчыгы, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылга карата үнөмдөлүп калган бюджеттик калдыгынан А.Мирмахмудов айыл аймагына караштуу Барын айылынын Таштак участкасына, Буудайлык айылына, Чапаев айылынын С.Азимов көчөсүнө, Барын айылынын Алмазар көчөсүнүн жашоочуларын таза ичимдик суу менен камсыздоо жана Капчыгай башталгыч мектебинин имаратынын курулушу үчүн каражат ажыратуу максатында, 2022-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган калдык каражаты эсебинен ажыратылсын; (тиркеме тиркелет).
2. Таза суу тартуу боюнча Таштак участкасына 798 485сом, Буудайлык айылына 272 620 сом, Киров участкасынын Фуркат көчөсүнө 209 640 сом, С.Азимов көчөсүнө 700 000сом, ал эми Алмазар көчөсүнүн түнкү жарыктандыруусуна 29 900сом, Капчыгай башталгыч мектебинин имаратынын курулушуна 981 581 сом акча каражаты которулсун.
3. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматов жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.
4. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы,инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а: | А.Ашиева |