Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 4-августу № 18-5
Чапаев айылынын жашоочусу Якубова Тохтанисанын арызын кароо жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагына караштуу Чапаев айылынын Беш-Тол участкасында жайгашкан аталышы жок көчөгө наам берүү жөнүндөгү Чапаев айылынын тургуну Якубова Тохтанисанын арызы, Чапаев айылынын айыл башчысынын билдирүүсүнө жана айыл тургундарынын арызын кароо үчүн А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине сунуштаган. Аталган комитет мүчөлөрүнүн отурумунда каралып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34-беренесине таянып, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын Беш-Тол участкасынын жашоочуларынын ооз эки кайрылууларынын,Чапаев айылынын жашоочусу Якубова Тохтанисанын арызын канааттандыруу максатында, Чапаев айылында жашап, билим берүү тармагында эмгектенип өтүп кеткен Якубов Абдихалим агайдын көзү тирүү мезгилинде ошол айылга жасаган эмгегин эске алып, айыл жашоочуларынын макулдугу менен ошол көчөгө наамын берүүгө макулдук берилсин.
2. Чапаев айылынын Беш-Тол участкасындагы 2-көчө Якубов Абдихалим атындагы көчө деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго, Чапаев айылынын айыл башчысы Е.Исмоиловго жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлзат Сапарбек кызына милдеттендирилсин.
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а: | А.Ашиева |