Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 4-августу № 18-6
А.Мирмахмудов айылдык кеңешине келип түшкөн жарандардын арыздарын кароо жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагына караштуу Барын айылындагы « Имам Ат-Термизий» атындагы диний уюмуна Аскарова Мазам 600,0ч.м, Тажимаматов Рахимжон 134,85ч.м жер аянттарын өз каалоолору менен берүү үчүн, айылдык кеңешине арыздары менен кайрылган. Аталган жерлерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү маселени, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине сунуштаган. Аталган комитет мүчөлөрүнүн отурумунда каралып, кеңири талкууланып, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 1-глава 1-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу жөнүндөгү» №145 мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнүн талаптарына ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренеси жана 34-беренесинин талаптарына таянып А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет мүчөлөрүнүн 2023-жылдын 1-августундагы № 5 протоколу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 1-глава 1-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу жөнүндөгү» №145 мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнүн талаптарына жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 29-, 34-беренелери аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча адисине тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо» боюнча туруктуу комитетине жүктөтүлсүн.
Төраганын м.а: | А.Ашиева. |