ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 20-январы № 2
Тамчы айыл Аймагынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Тамчы айыл Аймагынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетин карап, талкуулап чыгып Тамчы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.Тамчы айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 23791,2 миң сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен: Атайын каражат 1200,0 миң сом.
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Есенгулов жана ФЭБнын башчысы Ф.Бейшембиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Мусаев |