Редакцияот 25.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

2021-жылдын 25-октябры № 16

Айыл чарба техникасын лизинг жолу менен алуу жөнүндө

     Лизинг жолу менен оруп жыйноочу (комбайн) айыл чарба техникасын алуу жөнүндөгү маселени депутаттар карап талкууга алгандан кийин, айыл аймак боюнча дыйкандардын муктаждыгын эске алып Тамчы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Айыл чарба техникасын лизинг жолу менен алуу максатында Ысык-Көл өнүгүү фондунан 1,5 млн сом өлчөмүндө акча каражат бөлүп берүү жагы суралсын.

 

2.  Лизингди төлөй албай калган учурда айыл өкмөтү толугу менен өздүк салым катары акча каражатты өнүктүрүү фондуна кайтарып берүү жагы милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

4.  Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага:

Самат уулу Арзымат