ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 1
Тентишев Эркин Саткынбаевичтин арызы жөнүндө
Жаран Тентишев Эркин Саткынбаевич “Дордой” эс алуу жайынын батыш тарабында жайгашкан өзунун пайдалануусундагы 0,44 га жайыт жер тилкесин саркынды сууларды тазалоочу жай долбоорлоо жана куруу максатында “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын , коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тентишев Эркин Саткынбаевичтин жердин багытын которуп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү арызын жергиликтүү калктын жалпы жыйынынын негизинде карап чыгып, бир айлык мөөнөттө жооп берүү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын айыл кеңештин төрагасы катары өзүмө калтырам.
3. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Самат уулу Арзымат |