Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясы
2022-жылдын 25-февралы № 5
Жеке менчиктеги жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Чырпыкты айылынын имамы Абыкеев Жанарбектин кайрылуусун депутаттар карап, талкууга алгандан кийин айыл тургундарынын муктаждыгын жана өтүнүчүн канаттандыруу максатында Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чырпыкты айылынын Максүт көчөсүндөгү жеке менчик жер участогу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жагы тапшырылсын.
2. Муниципалдык менчикке кабыл алынган жер участогуна айыл тургундарына мечит курууга уруксат берилсин.
3. Мечит куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүүгө айыл өкмөтүнө имамдар менен менен биргеликте иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
5. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Самат уулу Арзымат |