Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
2022-жылдын 18-апрели № 3
Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин” Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана сөөк коюу жорөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү” 2022-жылдын 24- февралындагы №54 Жарлыгына Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын айылдарды жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү Жобосунун негизинде айыл Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан Жобону бекитүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана сөөк коюу жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү” 2022-жылдын 24- февралындагы №54 Жарлыгына Тамчы айыл аймагынын айылдарды жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун негизинде кабыл алынган аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча иштелип чыккан Жобо жактырылсын.
2. Жобонун негизинде үй-бүлөлүк салтттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын көзөмөлдөө боюнча комиссия курамын түзүү жана иш алып баруу айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Самат уулу Арзымат |