Астана шаары2008-жылдын 17-апрели Кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кењешин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагытүбөлүк достук жөнүндө 1997-жылдын 8-апрелиндеги Келишимди, Кыргыз Рес-публикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мами-лелер жөнүндө 2003-жылдын 25-декабрындагы Келишимди жетекчиликке алы-шып, Тараптардын ортосундагы соода-экономикалык, өнөр жай, илимий-тех-никалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты терењдетүүнү, колдоону жа-на өнүктүрүүнү каалашып, өз ара пайда көрүү принцибин жетекчиликке алышып жана эки тараптуукызматташтыкты активдештирүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы өзара пайдалуу кызматташтыкты кењейтүүгө көмөктөшүү максатында Тараптаркыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кењешин (мындан ары - Кењеш) түзүшөт. Кењеш Тараптардын өкүлдөрүнөн түзүлөт жана төмөнкүлөрдү ишке ашы-рууга укуктуу: 1) экономика, соода, өнөр жай, энергетика, курулуш, миграция, илимжана технология, байланыш, транспорт (аба, темир жол жана автомобильтранспортун кошо алганда), ошондой эле маалымат, билим берүү, саламат-тык сактоо, туризм, спорт, маданият жана искусство тармагында өз аракызыкчылыкты көрсөтүүчү маселелерди изилдөөнү жана бул чөйрөлөрдөгүкызматташтыкты кењейтүү боюнча сунуш киргизүүнү; 2) жогоруда аталган тармактарда кызматташтыктын өз ара пайдалуужана натыйжалуу формаларын сунуштоону; 3) эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкка тиешелүүбашка маселелерди кароону жана эки тараптуу кызматташтыкка көмөктөшүүүчүн тиешелүү зарыл чараларды көрүүнү. 2-статья. Кењешти эки мамлекеттин өкмөт башчылары жетектейт. Кењеш зарыл учурларда туруктуу же убактылуу жумушчу топторунтүзүп, алардын курамын, иш милдеттерин жана компетенцияларын аныктайалышат. Кењештин жыйыны эреже катары кезеги менен Кыргыз Республикасындажана Казакстан Республикасында жылына бир жолудан өткөрүлөт. Кењештинтөрагасы, эгерде өкмөт башчылары башкача чечим кабыл албаса, кезектегижолугушуу өтө турган аймактагы мамлекеттин өкмөт башчысы болуп саналат. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн каалаган Тараптын демилгесибоюнча Кењештин кезексиз жыйыны чакырылышы мүмкүн. 3-статья. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда кайчы пикир-лер келип чыкса, аларды Тараптар консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдүжүргүзүү жолдору менен чечишет. 4-статья. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал анын ажырагыс бөлүгү болупэсептелген өзүнчө токтомдор менен таризделет. 5-статья. Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Алматы шаарында 1997-жылдын8-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен КазакстанРеспубликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өкмөттөр аралык кыргыз-казак бир-гелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө токтомдун колдонулушу токтотулат. 6-статья. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тарап-тардын бири дипломатиялык канал боюнча экинчи Тараптан аны колдонуунутоктотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү алган күндөн алты айөткөнгө чейин күчүндө болот. Астана шаарында 2008-жылдын 17-апрелинде эки түп нускада түзүлдү,ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде, бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Эгерде ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө боюнча кайчы пи-кирлер пайда болсо Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн