Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
2022-жылдын 18-апрели № 4
Айылдык кеңештин кезексиз сессиясынын күн тарбидиндеги, Ысык-Көл шаар курулушужана долбоорлоо институтунун Ысык-Көлдөгү филиалы тарабынан даярдалып жасалган Тамчы айылынын башкы планына өзгөртүүлөр киргенине байланыштуу бекитүү жөнүндөгү М.Кариевдин маалыматын угуп, депутаттар талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл шаар курулушу жана долбоорлоо институтунун Ысык-Көлдөгү филиалы тарабынан даярдалып жасалган Тамчы айылынын башкы планы бекитилсин.
2. Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашуу жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Самат уулу Арзымат |