Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2022-жылдын 13-июну № 1
Айылдык кеңештин кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги, 2022-жылдын 15-майындагы Тамчы айылынын жалпы элдик жыйынын чечими менен Сактанова Тамара Султановнанын жеке менчигиндеги жер тилкесин (2-03-02-1001-0077) Тамчы айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги (2-03-02-1001-1390) жер тилкесине алмашуу боюнча айыл Өкмөт башчысынын маалыматын угуп, Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айылынын Манас көчөсү №31 дареги боюнча жайгашкан Сактанова Тамара Султановнанын жеке менчигиндеги №2-03-02-1001-0077 жер тилкесин, Тамчы айылынын Манас көчөсүнүн №48к1 дареги боюнча жайгашкан Тамчы айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги №2-03-02-1001-1390 жер тилкесине калктуу конуштагы бирдей багытта алмашууга макулдук берилсин.
2. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл районундагы филиалынан укук күбөлөндүрүүчү иш кагаздарын жүргүзүү жана алуу Тамчы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Самат уулу Арзымат |