Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
2022-жылдын 17-июну № 2
Тарифтерди бекитүү жөнүндө
Айыл аймагында таштандыларды таштоо жана көл жээгине автооунаалардын кирүүсүн көзөмөлдөө жөнүндө маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл аймагынын көл жээктерине автоунаалардын кирүүсү үчүн төмөндөгүдөй тарифтер бекитилсин:
- Жеңил авто -100 сом
- Бус -200 сом
- Автобус -500 сом
2. Таштандыларды таштагандыгы үчүн төмөндөгүдөй өлчөмдө айып пул өндүрүлсүн:
- Жеңил араба -2000 сом
- Жеңил унаанын прицеби -3000 сом
- Чон жүк ташуучу унаа үчүн -5000 сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын Кош-Көл, Чырпыкты айыл башчыларына жүктөлсүн.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Э.А.Мамбетов |