Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 8-августу № 2
Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасаынын Президентинин 2022- жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгы боюнча маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022- жылдын 18-мартындагы айылдык кеңштин кезексиз 4- сессиясынын № 3 токтому менен бекитилген Тамчы айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Жобосуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысы. Бейшембиев Фархад Кожокматовичке, айыл башчыларына жана каржы экономика бөлумүнүн башчысы Дуйшалиев Дамирбек Замирбековичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.А.Мамбетов |