Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 8-августу № 5
Инвестицияларды колдоо жөнүндө
“Авангард Строй” ишканасынын кайрылуусунун негизинде инвестицияларды колдоо максатында чакан электро чордонун долбоорлоо жана куруу максатында Тамчы айыл Өкмөтүнүн аймагынан жер тилкесин аныктап, бөлүп берүү максатында маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл аймагындагы, Чырпыкты айылынын түндүк тарабындагы,Кабырга өрөөнүнөн, жалпы аянты 9,0 га жайыт жер тилкелерин, электр энергиясын иштеп чыгуу максатында чакан электр чордонун долбоорлоо жана куруу үчүн бөлүнүп берилсин жана жайыт категориясынан которууга макулдук берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жайыт жер тилкелеринин контурларын аныктап мыйзамдаштыруу жагы Тамчы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кенештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | Э.А.Мамбетов |