ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдыккеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2022-жылдын 23-августу № 1
Айылдык кеңештин кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги, Тамчы айыл аймагынын, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 4-августу “Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” №441 Токтомунун негизинде Чырпыкты айылынын батыш тарабына Республикалык деңгээлдеги ири долбоор “Асман экологиялык таза шаарынын” салынышы боюнча “Асман экологиялык таза шаары” дирекциясынын төрагасы жана өкүлдөрүнүн шаардын долбоору боюнча маалыматын угуп, Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Асман экологиялык таза шаарынын” чегине Ысык-Көл райондук комиссия курамыны тарабынан макулдашкан макулдашуу баракчасынын негизинде 4015 га жер аянты бекитилсин.
2. 3143,563 га жайыт жер тилкесинен “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына трансформациялоого уруксат берилсин.
3. 871,437 га калган жер тилкелерин үчүнчү тараптан бошотуу үчүн жер ээлери менен иш алып баруу Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. “Асман экологиялык таза шаарынын” дирекциясына төмөндөгүлөр сунушталсын:
- Жергиликтүү калктын 600 тургунун социалдык пакеттердин негизинде турак жай менен камсыз кылуу;
- Жалпы “Асман экологиялык таза шаарына” 3143,563 га жайыт жери берилгендигин эске алып, Чүй областындагы Улуттук паркка караган Дөрө, Айтымбет жана Көлтөр жайлоолорунан бирдей баадагы жана аянттагы жайыт жерине алмаштыруу;
- Тамчы айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Тамчы, Кош-Көл, Чырпыкты айылдарынын, курорттук эс алуу жайларынын жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун” саркынды сууларын “Асман экологиялык таза шаары” менен биргеликте бир жерге топтоо жана тазалоо иштерин камтуу;
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин жер маселеси, агрардык реформа, айыл чарба маселелери жана жартылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
6.Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Э.А. Мамбетов |