Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2022-жылдын 20-декабры № 1
Тамчы айыл Өкмөтүнүң административдик аймагында жер салыгын жана мүлк салыгынын 1-2-3- топторун киргизүү жана зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылынын №231 “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 3- пунктуна ылайык Тамчы айыл Өкмөтүнүн жергилииктүү бюджетинин салык төлөмдөрүнүн көбөйүшү жана сакталышы максатында Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып, Тамчы айыл Өкмөтүнүн аймагында төмөндөгүдө жергиликтүү салык түрлөрү киргизилсин:
- Айыл чарба багытындагы жерлерден алынуучу салыгы, айыл чарба эмес багытында колдонулуп жаткан жерлердин жер салыгы, огород жана короо жай алдындагы колдонулуп жаткан участкалардын жер салыгы;
- Мүлк салыгынын 1-2-3-топторундагы мүлк объектилерине;
- К3 зоналдык коэффициенти -1,2 көлөмүндө бекитилсин.
2. Салыктарды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Айыл аймагында жайгашкан эс алуу жайларында жана мекеме ишканаларда эмгектенген жарандардан таштанды (мусор) жыйындары 100 сомдон чектелип өз убагында 1- апрелге чейин жыйналсын. Айыл аймагындагы ар бир короодон 1000 сом өлчөмүндө жыйналсын.
4. Ушул токтомду каттоо жана Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн облусттук Юстиция башкармалыгына жиберилсин, райондук ММКда жарыялансын
5. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Бейшембиев Фархад Кожокматовичке жана айыл Өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Дуйшалиев Дамирбек Замирбековичке милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет,финансы,экономика, инвестиция тартуу жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Мамбетов.Э.А |