Бишкек шаары2007-жылдын 18-сентябры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Көчүп келүү процесстерин жөнгө салуу жана көчүп келгендердин укуктарын коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Тажикстан Республикасынын Өкмөтү, БУУнун адам укуктары боюнча негизги документтеринде камтылганпринциптерди жетекчиликке алып, 1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Рес-публикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздерижөнүндө Келишимдин жоболоруна негизденип, көчүп келүү процесстерин жөнгө салуу жана көчүп келгендердин укук-тарын коргоону камсыз кылуу милдетин өзү үчүн артыкчылыктуу деп эсеп-теп, адамдардын ыктыярдуу көчүп келүү тартибин жана шарттарын аныктоонукаалап, эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жана салт болуп калган достук байла-ныштарын жана ынак коњшулаштык мамилелерди сактоо жана бекемдөөгө умту-лууларын эске алып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты. 1-статья. Ушул Макулдашууда колдонулган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ: "көчүп келүүчү" - өзүнүн туруктуу жашаган мамлекетин ыктыярдууташтап жана башка мамлекеттин аймагына туруктуу жашоо үчүн көчүп келгенадам. "көчүп келүүчүнүн үйбүлө мүчөлөрү" - аялы (күйөөсү), ата-энеси,жашы жете элек балдары, ошондой эле көчүп келүүчү менен бирге жашаганжана анын багуусундагы башка үйбүлө мүчөлөрү. "чыгып кеткен мамлекети" - мурдагы туруктуу жашаган мамлекети. "көчүп келген өлкөсү" - жањы туруктуу жашаган мамлекети. 2-статья. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынан Тажикстан Республикасына жа-на Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына көчүп келишкен адам-дарга жайылтылат. Тараптар көчүп келүүгө адамдарды мажбурлоонун бардыктүрүнө жол берилбестигин таанышат. 3-статья. Бул Макулдашуу төмөнкүлөргө жайылтылбайт: а) качкындарга; б) эмгекчи-мигранттарга; в) кылмыш жасап соттолгон жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдар-га; г) кирүүгө тоскоолдук кылган кырдаалдардын аракети токтотулгангачейин кирүүчү мамлекеттин коопсуздугуна өзүнүн кириши зыян келтиришимүмкүн болгон адамдарга; д) мамлекеттик жана менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик эмесмекемелердин, ошондой эле жеке адамдардын алдында мүлктүк жана башкамилдеттенмелер аткарылмайынча келиши токтотулган адамдарга; е) окууга, жеке же ишке байланыштуу Кыргыз Республикасынын же Та-жикстан Республикасынын аймагында убактылуу жүрүшкөн адамдарга; ж) анык аскердик кызматта жүргөн адамдарга жана алардын үйбүлөмүчөлөрүнө. 4-статья. Көчүп келүүгө уруксатты көчүп келе тургандарга көчүп келген мамле-кетинин улуттук мыйзамдарына жана эларалык укуктун ченемдерине ылайыккөчүп келген мамлекети берет. 5-статья. Тараптар өзүнүн аймагында көчүп келгендерге жана алардын үйбүлөмүчөлөрүнө карата жынысы, дене түсү, тили, дини жана ынанымдары, саясийжана башка көз карашы, улуттук, этностук же социалдык теги, экономика-лык, мүлктүк жана үйбүлөлүк абалынын белгилери боюнча куугунтуктоогожол бербөөнү камсыз кылышат. 6-статья. Көчүп келүү жана ушул Макулдашууну сактоону контролдоо боюнча иш-терди координациялоону Тараптар төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-гандарга жүктөшөт: Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишкеорноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине; Тажикстан Республикасында - Тажикстан Республикасынын Эмгек жанакалкты социалдык жактан коргоо министрлигине. 7-статья. Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары көчүп келгендер-ге жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө төмөнкүдөй зарыл маалыматтарды бери-шет: а) ушул Макулдашуунун мазмуну жөнүндө; б) көчүп келген мамлекетиндеги алардын укуктары жана милдеттерижөнүндө; в) көчүп келген мамлекетинде жумушка орношуу шарттары, билим алуу,кесиптик даярдоо мүмкүнчүлүктөрү, кайра даярдоо, кесиптик багыт алуу,ошондой эле жашоо шарттары (жаратылыштык-климаттык, туракжай-турмушшарттары, социалдык-маданий жана башка шарттар); г) жарандардын көчүп келишине байланышкан маселелерди жөнгө салганулуттук мыйзамдар жана башка ченемдик актылар жөнүндө; д) Тараптардын мамлекеттеринин аймагында кирүү-чыгуу үчүн доку-менттерди тариздөөгө талаптардын өзгөрүшү жөнүндө. 8-статья. Көчүп келгендер жана алардын үйбүлө мүчөлөрү төмөнкү укуктарга ээ: а) көчүп кеткен мамлекетинен белгиленген тартипте катталган жанакөчүп кеткенге чейин алардын жеке менчигинде турган бардык кыймылдуумүлктү кеткен мамлекеттин мыйзамдарына ылайык анын улуттук байлыктарыболуп таанылган маданий, тарыхый жана башка баалуулуктарды алып чыгуугасалынган чектөөлөрдү эске алуу менен алып чыгууга; б) алардын жеке менчигинде болгон мүлктү сатууга же башкачатескөөгө; в) көчүп кеткен мамлекетинин банктык мекемелеринде жайгаштырылганакча салымдарын жана активдерин көчүп келе турган мамлекетинин банктыкмекемелерине Тараптардын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык ко-торууга; г) көчүп кеткен мамлекетинин аймагында менчик укугундагы аларгатаандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, акча салымдарды жана активдер-ди калтырууга, аларга карата ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугунжүзөгө ашырууга. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк көчүп кеткен мамлекетинин бийликтеритарабынан мамлекеттин чегинен тышкары туруктуу жашаган же көчүп келгенмамлекеттин жараны болбогон адам анын ээси болушунун негизинде ээликтенажыратылышы мүмкүн эмес. 9-статья. Улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипте чыгып кеткен мамлекетикөчүп кете тургандарга жана анын үйбүлө мүчөлөрүнө кызматтык жана ве-домстволук туракжайдан тышкары, алар мыйзамдуу негизде ээлеген мамле-кеттик жана муниципалдык туракжайды менчиктештирүүгө укук берет. Көчүп кете тургандардын менчигинде турган мүлккө ээлик кылуу, пай-далануу жана тескөө кете турган мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылай-ык толук көлөмдө өздөрү тарабынан жүзөгө ашырылат. Көчүп кете турган мамлекетинин аймагында болгон менчикке каратажарандык-укуктук талаш-тартыштар бир жагынан көчүп кете тургандардынжана алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн, экинчи жагынан кызыкдар жактардын ор-тосунда чыгып кете турган мамлекетинин аймагында анын мыйзамдары жанаушул Макулдашууга ылайык сот тартибинде чечилет. Көчүп келе турган мамлекетинин компетенттүү органдары көрсөтүлгөнталаш-тартыштар боюнча, анын ичинде көчүп келе турган мамлекетинин ай-магында аткарылуучу максаттар үчүн соттордун мыйзамдуу күчүнө киргенчечимдерин тааныйт. 10-статья. Тараптар көчүп келе тургандарды жана алардын үйбүлө мүчөлөрүн өз-дөрүнүн жеке мүлкүн ташып кетүүгө жана ташып чыгууга чектөөлөрдөн, бажыалымдарынан, салыктардан жана ушуга байланыштуу жыйымдардан бошотот(Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен алып кирүүгө/алып чыгуугатыюу салынган предметтерди эсепке албаганда). Алынып чыга турган акча каражаттары жана которула турган акча са-лымдары жана активдер которуу кызматтары үчүн акы төлөөлөрдү түзгөндөнбашкасы алымдардан жана жыйымдардан бошотулат. 11-статья. Көчүп чыгуучу мамлекети көчүп кете тургандарга жана алардын үйбүлөмүчөлөрүнө алардын менчигинде болгон туракжайга жана башка мүлкүнө са-тууга жана башка түрдө тескөөгө тоскоол болбойт. Көчүп чыгуучу мамлекети көчүп келе тургандарга жана алардын үйбүлөмүчөлөрүнө жањы жашай турган жерине жайгашууга көмөк көрсөтөт. Алардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында белгиленген тартипкеылайык жасала турган көчүп келүүчүлөрдүн ортосунда туракжайды алмашуугатоскоолдук кылбайт. 12-статья. Көчүп келүүчү мамлекети жыл сайын көчүп келүүгө квота белгилейт,ага ылайык көчүп келгендерге жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө бул мамле-кетке көчүп келүүгө уруксат берилет. Квотанын өлчөмдөрү мамлекет тара-бынан өзалдынча аныкталат. Тараптар мамлекеттердин биринин аймагына адамдардын көчүп келүүгөуруксатты албастан көчүп келүүгө укугун тааныйт. Өзалдынча көчүп келиш-кен адамдарга ушул Макулдашуунун жоболору таркатылбайт. 13-статья. Тараптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүнтиешелүү түрдө Кыргыз Республикасында жана Тажикстан Республикасындаача алышат. Зарыл болгон учурларда Тараптардын мамлекеттеринин аймагын-да Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрү-нүн пункттары ачылышы мүмкүн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн функция-ларына төмөнкүлөр кирет: а) көчүп келүү программасын жүзөгө ашыруу; б) көчүп келгендерди кабыл алуу боюнча Тараптардын мүмкүнчүлүктө-рүн жыл сайын аныктоо жана макулдашуу, ал өзүнчө Протокол боюнча тариз-делет; в) Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен тыюу салынбаганмаалымат алмашуу жана өзара консультация жүргүзүү; г) ушул Макулдашуунун 7-статьясында каралган көчүп келгендерге жа-на алардын үйбүлө мүчөлөрүнө маалыматтарды берүү; д) көчүп келгендерге жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө көчүп кетүүгөжана көчүп келүүгө байланышкан талап кылынган формалдуулукту жанажол-жоболорду жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүү. 14-статья. Көчүп келгендерге жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактанкамсыз кылууга укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби өзүнчө Макулдашуу мененжөнгө салынат. 15-статья. Тараптардын өзара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчөпротокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилишимүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Макулдашуунун18-статьясында каралган тартипте күчүнө кирет. 16-статья. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу боюнча бардыкталаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда сүйлөшүү-лөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет. 17-статья. Бул Макулдашуу Тараптар катышуучу болуп саналган башка эларалыккелишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелеринкозгобойт. 18-статья. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу тү-рүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бирида тийиштүү мезгил аяктаганга чейин алты ай мурда ушул Макулдашуунункүчүн токтотууга өзүнүн ниеттенгендиги жөнүндө башка Тарапка жазуу тү-рүндө билдирбесе, ар бир жолу кийинки беш жылга өзүнөн өзү узартылат. Бишкек шаарында 2007-жылдын 18-сентябрында эки нускада, ар бирикыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чык-кан учурларда негиз катары орус тилиндеги текст алынат. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн