КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы
2023-жылдын 05-июну № 28-27/2
Каракол шаары боюнча ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлʏмʏнѳ акча каражатын бѳлʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2023-жылдын 3-апрелиндеги, кир:№01-7/65 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестиция, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаары боюнча ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлʏмʏнѳ 250 000 (эки жʏз элʏʏ миң) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатты гараждарды оңдотууга, 2022-жылдын жергиликтʏʏ бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2023-жылдын башындагы эркин калдыктан, ѳзгѳчѳ кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюуга каралган акча каражаттын эсебинен бѳлʏп берсин.
2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Ж.Акимканов |