Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы
2023-жылдын 05-июну № 28-27/4
Каракол шаарынын билим берʏʏ бѳлʏмʏнʏн акча каражаттарын жылдыруу жѳнʏндѳ
Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы, Г.С.Толумбекованын 2023-жылдын 20-апрелиндеги, чыг:№01-9/108 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестиция, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаардык билим берʏʏ бѳлʏмʏнʏн, дем берʏʏчʏ гранттарды кошумча каржылоого каралган, жалпы суммасы 1798,9 (бир миллион жети жʏз токсон сегиз миң тогуз жʏз) сомду тʏзгѳн акча каражаттарын, 3111-беренесинен, Каракол шаарынын мэриясынын 3111-беренесине, анын ичинен: жалпы билим берʏʏ мектептеринин дем берʏʏчʏ гранттарын кошумча каржылоого -1328,6 (бир миллион ʏч жʏз жыйырма сегиз миң алты жʏз) сомду жана мектепке чейинки мекемелердин дем берʏʏчʏ гранттарын кошумча каржылоого-470,3 (тѳрт жʏз жетимиш миң ʏч жʏз) сомду жылдырсын.
2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Ж.Акимканов |