Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 05-июну № 28-27/7

 

Акча каражаттарды жылдыруу жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Н.Турсунбековдун, 2023-жылдын 29-майындагы, чыг:№01-16/2007 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы,

 

токтом кылат:

1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын билим берʏʏ бѳлʏмʏнѳ, №17 бала бакчага инвентарды сатып алуу ʏчʏн каралган акча каражаттан, 4 400,0 (тѳрт миллион тѳрт жʏз) миң сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатты жана “Жол чарбасы” муниципалдык ишканасына, долбоордук-сметалык документацияны даярдоо ʏчʏн бѳлʏнгѳн 1 000 000 (бир миллион) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатты, Каракол шаарынын муниципалдык мʏлктʏ башкаруусуна, жалпы суммасы 5 400 000 (беш миллион тѳрт жʏз миң) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатты, суу боюндагы парктын долбоорлоо-сметалык документациясын даярдоо ʏчʏн бѳлʏп берсин.

2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

Т.Ж.Акимканов