Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 05-июну № 28-27/8

 

Акча каражаттарын бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозованын, 2023-жылдын 29-майындагы, чыг:№01-16/2012 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы,

 

токтом кылат:

1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарындагы “Жаш тилек” бий тобунун эл аралык конкурска катышуусун камсыз кылуу ʏчʏн, 100 (жʏз миң) миң сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатты, 2022-жылдын аткарылышынын жыйынтыгы менен, 2023-жылдын эркин калдыктын эсебинен, мурда бѳлʏнгѳн №17 бала бакчанын ремонтуна каралган каражаттан бѳлʏп берсин.

2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

Т.Ж.Акимканов