КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы
2023-жылдын 05-июну № 28-27/9
Каракол шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына ѳзгѳртʏʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасы Т.Ж.Акимкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXVII сессиясы
токтом кылат:
1. Унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын курамына, Р.С.Сакимбаевдин ордуна, депутат Эрмеев Дамир Диясович киргизилсин.
2. Билим берʏʏ саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына, Б.Б.Керимкулованын ордуна, депутат Бакаева Алина Бакаевна киргизилсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишкердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана тѳраганын биринчи орун басары Т.Ж.Асирдиновага жʏктѳлсʏн.
Тѳрага | Т.Ж.Акимканов |