Сеул шаары2007-жылдын 19-ноябры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Корея Республикасынын Өкмөтүмындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу; Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достукмамилелерди андан ары чыњдоого умтулуу менен, жана Өз ара пайдалуу кызматташуунун негизинде экономикалык мамилелердижакшыртууну жана өнүктүрүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. 1) Макулдашуучу Тараптар өз ара пайдалуу экономикалык кызматташуу-ну өнүктүрүүгө Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзам-дарына ылайык көмөк көрсөтүшөт. 2) Бул Макулдашуунун чегинде кызматташуу өзүнө төмөнкүлөрдү кам-тыйт: а) эки тараптуу экономикалык мамилелерди чыњдоо максатында ар бирмамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү; б) эки тараптуу экономикалык мамилелерди, тактап айтканда тышкысоода жүгүртүү, инвестициялоо, инновациялоо жана экономикалык иш-чара-ларды каржылоо чөйрөсүндө интенсификациялоо. 2-статья. Бул Макулдашуунун 1-статьясында аталган кызматташтык төмөнкүдөйформаларда ишке ашат: 1) Өз ара кызыкчылык жараткан долбоорлорду ишке ашыруудатөмөнкүдөй чөйрөлөрдө кызматташуу: а) өнөр жай жана кен иштетүү; б) энергетика; в) маалымат жана коммуникация; г) транспорт; д) айлана-чөйрөнү коргоо; е) илим жана технология; ж) курулуш жана турак жай курулуш; з) айыл-чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай; и) туризм; к) соода; л) интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо; м) банктык кызматтар, саламаттык сактоо; жана н) Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча башкачөйрөлөр. 2) Башка өлкөнүн инвесторлору жана бизнес коомдоштугу тарабынанөлкөнүн биринде заводдорду, изилдөө жана өнүктүрүү борборлорун жанабашка бизнес ишканаларын жана уюмдарын куруу, реконструкциялоо жанатехникалык жактан модернизациялоо же эки өлкөнүн инвесторлорунун жанабизнес коомдоштугунун өлкөлөрдүн аймагында же үчүнчү өлкөнүн аймагындаушундай курууга, реконструкциялоого жана техникалык жактан модернизаци-ялоого биргелешкен катышуусу. 3) Инвестициялык долбоорлорду жана башка ишмердикти каржылоого жа-на камсыздандырууга байланышкан механизмдерди жөнөкөйлөтүү. 4) Техникалык жөнгө салуу жагындагы кызматташуу. 5) Эки өлкөнүн коммерциялык уюмдарынын ортосундагы байланыштаргакөмөк көрсөтүү. 6) Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү кон-салтинг, юридика, банктык жана техникалык кызматтарды өнүктүрүү. 7) Соода жармањкелерин, көргөзмөлөрдү, семинарларды, жана башкаиш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү. 8) Ар бир өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча тажрыйбаларды ал-машуу, анын ичинде экономика жана соода тармагында делегациялар мененэксперттерди жиберишүү; жана, 9) Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча кызматташу-унун каалагандай башка формалары. 3-статья. Макулдашуучу Тараптар өзүлөрүнүн аймагында банктардын жана башкафинансы институттарынын филиалдарын түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөккөрсөтүшөт. 4-статья. Бул Макулдашуунун чегинде эки тараптуу кызматташууга көмөккөрсөтүү үчүн Макулдашуучу Тараптар өзүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарынаылайык төмөнкүлөрдү өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча күч-аракеттеринжумшашат: а) өкмөттүк институттар ортосундагы коммуникацияга жана кызматта-шууга; б) улуттук экономикалык жана өнөр жайлык артыкчылыктар боюнча маа-лымат алмашууга; в) экономикалык ишмердикти, инвестицияларды, сооданы, техникалыкжөнгө салууну, лицензия, концессия жана уруксат берүүнү, интеллектуал-дык жана өнөр-жай менчик укуктарын коргоо жана өз ара кызыкчылыкты пай-да кылган башка чөйрөлөрдү жөнгө салуучу мыйзамдар боюнча маалымат ал-машууга; г) эки өлкөнүн компанияларынын, кесиптик уюмдарынын, палаталарынынжана ассоциацияларынын ортосундагы байланышына; д) соода жармањкелерин жана көргөзмөлөрдү уюштурууга; е) финансы институттардын ортосундагы кызматташтыкка; жана, ж) биргелешкен ишканаларды жана биргелешкен экономикалык ишмердик-тин башка түрлөрүн түзүүгө. 5-статья. 1. Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн өкүлдөрүнөн турган экономикалыккызматташуу боюнча Биргелешкен комиссияны түзүшөт. 2. Биргелешкен комиссия төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат: а) ушул Макулдашуунун аткарылышын координациялоо, көмөктөшүү жанакөзөмөлдөө; б) Макулдашуучу Тараптарга экономикалык кызматташууну чыњдоо үчүнзарыл чараларга карата сунуш берүү; в) кийинки экономикалык кызматташуу жөнүндө сунуштарды даярдоо жа-на жактыруу; г) ушул Макулдашуунун аткарылышына байланышкан ар кандай маселе-лерди талкуулоо. 6-статья. Бул Макулдашуунун жоболору Макулдашуучу Тараптардын башка эл ара-лык келишимдерден жана/же эл аралык уюмдарда мүчөлүктөн келип чыгууукуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт. 7-статья. Ушул Макулдашууну чечмелөөнүн же аткаруунун жүрүшүндө келип чыгуу-чу ар кандай кайчы пикирлерди Макулдашуучу Тараптар биргелешип консуль-тация өткөрүү жолу менен чечишет. 8-статья. 1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын Макулдашуунун күчүнөкириш үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткарылгандыгы туура-луу бири-бирине маалымдаган жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алганкүндөн тартып күчүнө кирет. 2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Макулдашуучу Тарап-тардын бири башка Макулдашуучу Тараптан Макулдашуунун колдонулушун ток-тотууга ниеттенгени тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүнү алган күндөн тар-тып алты ай өткөнгө чейин жарактуу болот. 3. Макулдашуучу Тараптар бул Макулдашууга өз ара жазуу жүзүндөгүмакулдашуулары боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каалаган убактакиргизиши мүмкүн. Ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул статьянын1-чи пунктунда баяндалган жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет. Ушуну күбөлөндүрүү үчүн, төмөнкү кол койгондор, өздөрүнүнөкмөттөрү тарабынан ыйгарым укук алып, ушул Макулдашууга кол коюшту. Сеул шаарында 2007-жылдын "___" __________ ар бири кыргыз, корей,англис жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында баардыктексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчыпикирлер болгон учурда, англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн