Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз он сегизинчи сессиясы
2022-жылдын 11-октябры № 78
Кадамжай шаардык мэриясынын 2022-жылдын 24-августундагы 01-08/59 жана 4-октябрындагы 784, 787 номерлери менен чыгышталган кайрылуулары жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2022-жылдын 24-августундагы 01-08/59 номери менен чыгышталган “Кыргыз лицейинин айланасына брусчатка сатып алып берүү жөнүндө”, 2022-жылдын 4-октябрындагы 784, 787 номерлери менен чыгышталган “Шаардын аймагына орнотууга 20 даана таштанды таштоочу контейнер сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” жана “Шаардын аймагындагы ички жолдорду оңдоп-түзөө иштерине акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү” кайрылууларын, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинен шаардын аймагындагы кыргыз лицейинин айланасына брусчатка бастыруу үчүн 362 860 (үч жүз алтымыш эки миң сегиз жүз алтымыш) сом; шаарга 20 даана таштанды таштоочу контейнер сатып алуу үчүн 460 000 (төрт жүз алтымыш миң) сом; шаардын ички жолдорун оңдоп-түзөө иштерине 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Абдыразаков |