Загрузка документа…
КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 06-июнундагы № 24
Жердин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы № 145 "Жерди которуу (трансформация) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесин жана Кыргыз Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтомун жетекчиликке алып, Санташ айылдык кеңешинин №88 токтомун карап чыгып Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Каркыра айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кен-Суу айылындагы № 238контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 6.0 га “Алма-бак” жер аянты өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. "Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан" "өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлерге” которуу жагы Түп райондук администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, айыл-чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.К.Тыйтаков |