ТоктомСтатус не указан

Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-мартындагы № 68/XV1-28 «Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 27.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 27-марты №68/XV1-28

Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.А.Токтоналиев айылынын А. Шамбетов көчөсүн 2023-жылга карата капиталдык оңдоп түзоо жана асфальттоо иштерине Чүй өнүгүү фондусуна долбоор даярдалып жана өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен жалпы 4 149 354 (төрт миллион бир жүз кырк тогуз миң үч жүз элүү төрт)сом бөлүнсүн,анын ичинен 3 053 693(үч миллион элүү үч миң алты жүз токсон үч) сом эркин калдыктын эсебинен;

2.Бөлүнгөн каражаттан капиталдык ремонтко 4 124 354(төрт миллион бир жүз жыйырма төрт миң үч жүз элүү төрт) сом, ал эми 25 000(жыйырма беш миң) сом кызмат көрсөтүү /технадзор,сметчик/акыларга бөлүнсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Табыкеев