ТоктомСтатус не указан

Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-мартындагы № 69/XV1-28 «Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 27.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 27-марты №69/XV1-28

Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

          Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Нурманбет айылындагы М.Койбагаров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин имаратынын жер төлөөсүндөгү түтүктөрдү жана канализацияны алмаштыруу менен 1-3 кабаттагы дарааткана бөлмөлөрүн ондоо иштерине Чүй өнүгүү фондусуна долбоор даярдалып жана өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен жалпы 819 851 (Сегиз жүз он тогуз миң сегиз жүз элүү бир)сом бөлүнүп, анын ичинен капиталдык ремонтко 804 851(сегиз жүз төрт миң сегиз жүз элүү бир) сом ал эми 15 000(он беш миң)сом кызмат көрсөтүү /технадзор,сметчик/ акыларга бөлүнсүн.

2.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Табыкеев