ТоктомСтатус не указан

Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 72/XV11-28 «Жер тилкелерин которуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 6-апрели №72/XV11-28

Жер тилкелерин которуу жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Артыкбаевдин Первомай айылынын Садык көчөсүндө жайгашкан мечиттин жер тилкесин “Жайыт” жерлери категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө сунушун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” убактылуу жобосуна ылайык айылдык кеңеши токтом кылат

1.Первомай айылынын Садык көчөсүндө №169 контурда жайгашкан мечиттин 1000 кв.м жер тилкесин “Жайыт” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Табыкеев