Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 73/XV11-28 «Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызматтарды, милдеттерди түзүү жана белгилөө боюнча тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-апрели №73/XV11-28
Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызматтарды, милдеттерди түзүү жана белгилөө боюнча тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 27,34- беренелерине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Омуралиевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызматтарды, милдеттерди түзүү жана белгилөө боюнча тизмеги бекитилсин.
2.Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы А.Омуралиевге жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызматтарды, милдеттерди түзүү жана белгилөө бөлүгүн ишке ашырылышын камсыздасын.
3.Бул токтомду укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүү Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Табыкеев |