ТоктомСтатус не указан

Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 74/XV11-28 «Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 6-апрели №74/XV11-28

Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин ижарасы үчүн акы төлөө планын 2023-жылга карата түзгөн бюджетинин негизги каражаттар боюнча киреше жана чыгаша булагына толуктоо киргизүү жана каржы каражаттын бөлүштүрүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Айыл өкмөтүнүн “мамлекеттик жерди фондунун айыл чарба жерлеринин ижарасы үчүн акы” боюнча салыктын түрүнүн мерчеми 2315,3миң сомго көбөйтүлсүн.

2.“Гүл Балалык” жана “Эпкин Нур” бала бакчаларына керектүү эмеректерди сатып берүүгө 70911 бөлүгүнүн 3112 статьясы 300,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

3.А.Молдокулов атындагы орто мектебинин от калоо мешин жана имараттын ичин оңдоо иштерине 70921 бөлүгүнүн 3111 статьясы 915,3 миң сомго көбөйтүлсүн.

4.“Эпкин Нур” бала бакчасынын ашканасына желдеткич орнотуу иштерине 70911 бөлүгүнүн 3111 статьясы 100,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

5.Нурманбет, Первомай жана А.Токтоналиев айылдарынын ички көчөлөрүн ондоо максатта ал жактарга гравий төшөө жана аны грейдерлөө иштерине 70629 бөлүгүнүн 2221 статьясы 1 000,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

6.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Н. Табыкеев