ТоктомСтатус не указан

Нурманбет айылдык аймагынын Нурманбет айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79/XV11-28 «Гүл балалык» жана «Эпкин Нур» балдар бакчаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө" токтому

Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 6-апрели №79/XV11-28

”Гүл балалык” жана “Эпкин Нур” балдар бакчаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешини   кезектеги   сессиясында   ”Гүл балалык” жана “Эпкин Нур” балдар бакчаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө” айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси А.Джумабаеванын жана балдар бакчаларынын башчылары Г.Иманалиеванын,А.Курманакунованын маалыматтарын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Социалдык маселелер боюнча адиси А.Джумабаеванын ”Гүл балалык” жана “Эпкин Нур” балдар бакчаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.

2.Балдар бакчаларынын башчылары Г.Иманалиева,А.Курманакунова:

-балдар бакчаларында балдарга сапаттуу тамак-аш берүү,бакчалардын тазалыгы санитардык нормаларга ылайык болушу камсыз кылынсын;

-ар кандай керектелүүчү буюмдары сатып алуу үчүн ата-энелерден каражат чогултуу алардын макулдугу жок чогултууга тыюу салынсын;

-балдарды бакчага кабыл алуу электрондук кезекке ылайык жүргүзүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Табыкеев