Редакцияот 23.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 23-майы №80/XV111-28

Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Ишенов Мирбек Советбекович “Үй-бүлө көмөк” жөлөк пул алган жана социалдык контрактын негизинде 100,0 миң сомдук каражат алып, үй-бүлөгө көмөк программасынын негизинде жакырчылыктан чыгаруу максатта Нурманбет айылындагы бала бакчага баруусун камсыздоо маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Ишенов Мирбек Советбековичтин эки эгиз балдары 5-жашка чыкканга чейин айыл өкмөттүн эсебинен бала бакчага баруусу камсыздалсын.

2.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Н. Табыкеев