Редакцияот 23.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 23-майы №81/XV111-28

Нурманбет айыл аймагында маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 5-апрелиндеги №96-б “Чүй облусунун аймагында маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругун карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Нурманбет айыл аймагынын маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын эрежелери бекитилсин.

2.Нурманбет айыл өкмөтүнө:

-айыл аймагында маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптар менен бирге имараттардын,курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жана маалыматтык -жарнамалык курулмаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо талаптарынын эрежелери аткарууга алынсын.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Н. Табыкеев