Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 7-июлу №83/X1X-28

Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.М.Койбагаров атындагы орто мектебине чөп чапкыч /тример/ сатып берүү максатында 70921 бөлүмүнүн 3112 статьясына 40,0миң сом эркин калдыктан бөлүнүп берилсин.

2.Нурманбет айыл аймагындагы мекемелерге акылдуу эсептегич сатып берүү максатында 70629 бөлүмүнүн 3112 статьясына 100,0миң сом эркин калдыктан бөлүнүп берилсин.

3.Нурманбет айылындагы суу топтомо сактагычтын бөлмөсүн ишке берүү максатында 70629 бөлүмүнүн 2222 статьясына 89,1миң сом жана 2221 статьясына 42,0 миң сом эркин калдыктан бөлүнүп берилсин.

4.А.Молдокулов атындагы орто мектебинин чатыры катуу шамалдан учуп кеткендигине байланыштуу керектүү чатырлар 70921 бөлүгүнүн 2221 статьясынан сатып берилсин.

5.”Гүл Балалык” бала бакчасынын тегерегин тосуу иштерине кошумча жумуш аткаргандыгы үчүн 70911 бөлүгүнүн 3111 статьясына 91,9миң сом эркин калдыктан бөлүнүп берилсин.

6.А.Молдокулов атындагы орто мектебинин от калоочуларга бөлмө куруу иштеринин кошумча жумушту аткаргандыгы үчүн 70921 бөлүгүнүн 3111 статьясынан 31,2 миң сом төлөнүп берилсин.

7.Калкты каттоо департаментинин мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча 2-этабы менен пландаштырылган Чүй облусундагы айыл өкмөттөрүнө керектүү техника менен камсыздоо максатында 70111 бөлүгүнүн 3112 статьясына 247,3миң сом эркин калдыктан бөлүнүп берилсин жана ЖКХ бөлүгүнүн 3111 статьясынан 100,0миң сом Аппарат бөлүгүнүн 3112 статьясына которулсун.

8.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Н. Табыкеев