Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 7-июлу №84/X1X-28

Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн атайын эсебин көбөйтүү жөнүндө

Ашыкча түшкөн кирешелерге байланыштуу бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн атайын эсеп боюнча 50,0 миң сомго көбөйтүү боюнча боюнча каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы П.Джумабекованын маалыматын уккандан кийин, талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Нурманбет айылынын клубуна музыкалык аспаптарды сатып алууга атайын эсеп боюнча бюджетинин 70111 бөлүгү киреше 50,0 миң сомго жана чыгашасы бөлүгүнүн 3112 статьясы 50,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

2.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Н. Табыкеев