НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-июлу №87/X1X-28
Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында салык агенти төлөөчү киреше салыгы,жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы жана ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салыктардын планын 2023-жылга карата түзгөн бюджетинин негизги каражаттар боюнча киреше жана чыгаша булагына толуктоо киргизүү жана каржы каражаттын бөлүштүрүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше булагын төмөнкү салыктардын түрү боюнча толуктоолор киргизилсин
-Салык агенти төлөөчү киреше салыгы үчүн акы боюнча салыктын түрүнүн мерчеми 1996,1миң сомго көбөйтүлсүн.
-Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы” боюнча салыктын түрүнүн мерчеми 230,0миң сомго көбөйтүлсүн,
-Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салыктардын түрүнүн мерчеми 186,1миң сомго көбөйтүлсүн,
2.Нурманбет айылындагы ҮДТобунун имаратына кошумча бөлмөлөрдү куруу иштери АРИС долбоору аркылуу салынып жаткандыктан, өздүк салым катары 70629 бөлүгүнүн 3111 статьясы 2412,2миң сомго көбөйтүлсүн.
3.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы : |
Н. Табыкеев |